Түндүк айланма жолундагы эстакадалык көпүрө унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 17:40
copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Алмата көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн үстүңкү бөлүгү асфальтталып, унаалар үчүн эки тараптуу кыймыл берилди. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы жол түйүнү борбор калаадан Ысык-Көл жана Нарын облустарына каттамдарды жеңилдетип, жол жүрүү убактысын кыскартууга шарт түзөт.

"Көпүрөнүн ар бир багытында үчтөн кыймыл тилкеси каралган. Учурда жарыктандыруу системасын орнотуу, жол белгилерин коюу жана жол чийиндерин түшүрүү иштери жүргүзүлөт", - деди ал.

Министр жол түйүнүнүн башка бөлүктөрүндө курулуш иштери бекитилген графикке ылайык уланып жатканын белгиледи.