Түндүк айланма жолу: Асфальт төшөлгөнгө чейин суу себүү иштери тынымсыз жүргүзүлөт

Коом Загрузка... 13 Апрель 2026 14:45

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Түндүк айланма жолунда чаңды басуу максатында подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, күн ысый баштаганына байланыштуу жолдо чаңдын көбөйүшү байкалууда. Унаалардын агымы өтө көп болгондуктан, суу ташуучу техникалардын азыркы саны чаңды ыкчам басууга жетишсиз болууда.

"Буга байланыштуу министрлик абал толук жөнгө салынганга чейин айдоочулардан түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Учурда мекеме техниканын санын көбөйтүү жана чаңды азайтуу боюнча чараларды күчөтүүнү катуу көзөмөлгө алды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы тапта аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада асфальт-бетон төшөө иштери башталат. Жол асфальтталгандан кийин чаң көйгөйү толугу менен чечилет.