Түндүк айланма жолу: 537 жумушчу жана 243 атайын техника иштеп жатат

Коом 24 март 2026 18:05
654462428_1250305727278171_4118098712418492040_n.jpg
655620609_1250305670611510_7598047223492945527_n.jpg
655827745_1250305780611499_4557541540872180279_n.jpg
656357255_1250305817278162_8659451763735266145_n.jpg
656408147_1250305730611504_983986311708248377_n.jpg
656865664_1250305777278166_6298455185616762350_n.jpg
657861419_1250305680611509_8799183478743149229_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бишкектеги түндүк айланма унаа жолун масштабдуу реконструкциялоо долбоорунун алкагында эки стратегиялык багыт боюнча курулуш иштери активдүү уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө иштер Алматы – Бишкек – Ташкент жана Бишкек – Нарын – Торугарт тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Анын ичинде Нооруз дарыясындагы көпүрөдө өтмөк плиталарын монтаждоо жана каналдагы көпүрөдө бекемдөөчү устундарды орнотуу иштери жыйынтыкталып, жолдун негизин түзүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Ошондой эле жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу, аймакты тазалоо жана жараксыз материалдарды сыртка ташуу иштери аткарылып жатат.

Реконструкция учурунда айдоочуларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн негизги жолдогу чуңкурларды жамоо жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери катар жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтында иштин ыргагын камсыз кылуу үчүн 537 жумушчу жана 243 атайын техника тартылган.

"Реконструкциялоо иштери бекитилген графикке ылайык так жүрүп жатат. Бул долбоор аяктагандан кийин аймактагы транспорттук логистиканы жакшыртып, жол коопсуздугун жаңы деңгээлге көтөрөт", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун негизги максаты жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тилкелердин санын 6га чейин кеңейтүү. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт.