Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча камкордукка алынган билим берүү мекемелерине кайрымдуулук жардамын тапшырууга арналган жолугушуу өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, ошондой эле балдарды колдоого жана аларды окутуу менен тарбиялоого жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен демилгелердин маанилүүлүгүн канааттануу менен белгилешти.
Мектеп-интернаттын өкүлүнө 300 000 сом суммасындагы сертификат, ошондой эле тарбиялануучулар үчүн таттуу белектер тапшырылды.
Тышкы иштер министрлигин жана аккредитацияланган дипломатиялык корпусту бириктирген мындай кайрымдуулук демилгелери салтка айланып, дипломатиялык коомчулуктун өсүп келе жаткан муунду колдоого өз салымын кошууну көздөгөндүгүн чагылдырат.
Маалымат үчүн: Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча чогултулган каражаттар камкордукка алынган төмөнкү билим берүү мекемелерине багытталды:
- Дүлөй балдар үчүн Кара-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты — 362 130 сом;
- К. Тилебалиев атындагы Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Панфилов мектеп-интернаты — 300 000 сом.