Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна жана чыр-чатактын андан ары күчөшүнүн сакталып турган тобокелдиктерине байланыштуу ал жакта жүргөн кыргызстандыктарды тезирээк чыгып кетүүгө чакырды.
Министрлик Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын төмөнкүлөргө чакырат:
- өзгөчө этият болууга;
- мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө кунт коюп көз салууга;
- жергиликтүү бийликтин талаптарын жана сунуштарын сактоого;
- текшерилбеген маалыматтарды таратпоого;
- зарылчылык болбосо, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууга;
- сапарларды пландаштырууда авиакаттамдардын статусун алдын ала текшерүүгө; аскердик жана стратегиялык объекттерге жакын барбоо;
Ошондой эле жеке коопсуздук максатында Министрлик аймактын өлкөлөрүнүн аймактарында жүргөн, аскердик тобокелдиктердин деңгээли жогору болгон жарандарга, кырдаал турукташканга чейин мүмкүн болушунча эртерээк чыгып кетүүнү жана көрсөтүлгөн мамлекеттерге баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.
Министрлик кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантат жана мындан аркы окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берип турат.
Зарыл болгон учурда ТИМдин Консулдук департаментине жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө төмөнкү ишеним телефондору аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз:
- ТИМ Консулдук департаменти: +996999312002; , dks@mfa.gov.kg;
- Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +96550887691;
- Кыргызстандын Катардагы элчилиги: +97450667001;
- Кыргызстандын Сауд Аравидагы элчилиги: +966583769945;
- Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги: +971522255269;
- Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840;
- Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +982122830354; +989352505229, kgembassy.ir@mfa.gov.kg
- Израиль: +972-54-962-2341; +97235226744; cons.israel@mid.ru;