Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Ирандагы Кыргызстандын жарандары Түркия аркылуу чыга алышат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ирандагы кырдаалдын туруксуздугуна жана өлкөнүн аба мейкиндигинин жабык болушуна байланыштуу, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Ирандан Түркиянын аймагына Иран-Түркия кургактык чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу чыга аларын маалымдаган.
"Эгерде сиз Иранда болсоңуз жана Түркия аркылуу чыгууну пландаштырсаңыз, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине же Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине алдын ала кайрылууңуз зарыл", — деп билдиришти тышкы саясий ведомстводон.