ТИМ башчысы Стамбулда: Мекендештердин кызыкчылыгы башкы артыкчылык

Коом 9 март 2026 13:10
9100652a-fb33-3c81-bb1a-96ad7b03c84d.jpeg
da921573-5a5e-318a-89e6-77efe9dc2fd4.jpeg
de62a2c5-2413-3e39-b329-e4146ece35de.jpeg
7fc88f87-aff1-3a92-a803-cdd1a3c94d07.jpeg
b38a7ac9-6176-3c7e-bc99-4fa4eb9f2808.jpeg
0df2f5d5-59f7-39a6-b271-e877c071b436.jpeg
d2fe4ed4-5e81-3908-9af7-b24d8a4e6b1d.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна барды.

ТИМден билдиришкендей, министр консулдуктун имаратында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.

Сапардын алкагында министр Башкы консулдуктун имаратында мекеменин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Өз сөзүндө министр консулдуктун негизги милдети — Түркиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экенин баса белгиледи.

Ошону менен катар ал консулдук мекемелер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанга инвестиция тартуу багытында жигердүү иш алып баруусу маанилүү экенин айтты.

Белгилей кетсек, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Стамбулдагы башкы консул Чыңгыз Токтобеков жана консулдуктун кызматкерлери катышты.