ТИМ: Аз күндө Бахрейн менен Кувейттен кыргыз жарандары учуп келет

Коом Загрузка... 11 Март 2026 12:12
WhatsApp Image 2026-03-11 at 12.11.38.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Алдыдагы күндөрү Бахрейн жана Кувейттеги Кыргызстандын жарандары өлкөгө алып келинет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, эвакуациялоо иштери президенттин Жакынкы Чыгыштагы жарандарды алып келүү тапшырмасынын алкагында улантылууда. Аталган жарандар Сауд Аравиясы аркылуу келишет.

“Бахрейнде 82 жана Кувейтте 480 жараныбыз бар. Кувейттен 70ке жакын, ал эми Бахрейнден 40тын тегерегинде жаран келери күтүлүүдө. Бирок жарандардын жеке чечимдерине байланыштуу тизме улам өзгөрүп жатат. Ошондой эле Катарда дагы кыргыз жарандары бар”, — деди ал.

Департамент директору буга чейин өлкөгө алып келинген жарандарга да токтоло кетти.

“Маалым болгондой, буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан жана Сауд Аравиясынан үч учак менен 420 жаран эвакуацияланган. Алар мамлекеттин эсебинен акысыз учуп келишти”, — деп кошумчалады Жумакадыр уулу.