Таштанды үчүн айыптын максаты – жазалоо эмес, укук бузуулардын алдын алуу

Экология 28 сентябрь 2026 10:45
Таштанды үчүн айыптын максаты – жазалоо эмес, укук бузуулардын алдын алуу

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Нурлан Абдраимов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коомдук талкууга коюлган тиешелүү мыйзам долбоору өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча 2029-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын алкагында иштелип чыккан.

“Бул документтин негизги максаты — таштандыны белгиленбеген жерлерге таштоонун алдын алуу, башаламан таштанды төгүлүүчү жайлардын пайда болушуна жол бербөө жана бул багыттагы жоопкерчиликти тактоо. Бул жерде негизги максат жарандарды көбүрөөк жазалоо эмес, укук бузуулардын алдын алуу. Адамдардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу жана таза, коопсуз жашоо чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү", - деди Нурлан Абдраимов.

Долбоорго ылайык, таштанды төгүүчү жайды мыйзамсыз уюштурган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салуу каралган. Эреже бир жылдын ичинде кайра бузулса, айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле айып пулга альтернатива катары коомдук иштерге тартуу чарасы сунушталууда.

Мындан тышкары, туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштоо, үйүү же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу сунушталууда. Мындай мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айыптын өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомго чейин жогорулайт.

Ал эми унаа жолдорунун боюна таштанды ыргытуу, үйүү же өрттөө үчүн айып пулду 3 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин көтөрүү демилгеленген.

Абдраимов таштанды маселеси санитардык тазалык менен гана чектелбестен, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын ден соолугу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жаратылыш ресурстарын сактоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү менен байланыштуу экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, КР “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлган.