Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 26 Март 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-03-26 at 12.12.01 (1).jpeg
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Ташкент, 26.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конгратбай Шарипов менен жолукту. Бул тууралуу Ташкенттеги кыргыз дипмиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын орчундуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, жаштар арасында билим берүү турларын жана жаштар форумун уюштуруу, ошондой эле технологиялык долбоорлордун жарманкесин өткөрүү маселелери каралды.

Эки тараптуу билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги фактор катары дипломдорду жана илимий даражаларды өз ара таануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тиешелүү келишимге кол коюу боюнча мүмкүн болгон кадамдар каралды.

Жолугушууда эки өлкөнүн билим берүү системаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн платформа катары “Ректорлор форумун” өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы мамлекеттик университеттеринин ортосундагы билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар боюнча тажрыйба алмашуу маселелери, анын ичинде суу ресурстары, туризм жана экономика жаатындагы биргелешкен инновациялык-изилдөө долбоорлору каралды.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын негизи катары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыган билим берүү жана илимий байланыштарды чыңдоо боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.