Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Танзаниянын учурдагы президенти Самия Сулуху Хасан президенттик шайлоодо 97,66% добуш алып, жеңишке жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, Самия Сулуху Хасан Танзаниянын тарыхында эки жолу президент болуп шайланган биринчи аял.
Ал бул кызматка алгач 2021-жылдын март айында, ошол кездеги президент Жон Магуфули каза болгондон кийин дайындалган.
Өлкө үчүн бул тарыхый бурулуш,анткени буга чейин бийликте негизинен эркектер үстөмдүк кылып келген.