Таласта аңчылыкты чагылдырган уникалдуу петроглиф табылды – видео

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Гамал Соронкулов

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Талас облусундагы Өтмөк ашуусунун батыш тарабынан чоң петроглиф ташы табылды. Бул тууралуу белгилүү эколог Гамал Соронкулов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Учурда эколог петроглиф табылган аймакта жүргөнүн айтты. Анын маалыматына караганда, бул абдан маанилүү табылга жана петроглиф ташы жакшы сакталган.

2

"Талды-Булак айылынын үстү жагында петроглиф таштары бар деген кабарды угуп, атайын издеп келдим эле. Мына бул жерден петроглиф ташын таптым. Өтө сонун, кооз петроглиф ташы экен. Аз болгону менен өтө маанилүү дагы, сапаты дагы абдан келишкен. Таш өтө байыркы таш экени көрүнүп турат. Анда чоң теке жана тайган ээрчиткен жаачан адамдын элеси түшүрүлгөн. Ташка түшүргөн башка дагы сүрөттөр болгон, бирок алар өчүп анча билинбей калган. Ал эми жогорудагы үч сүрөт абдан сонун көрүнүп турат. Демек, аңчылык чагылдырылган. Тайганын ээрчиткен аңчы жаа менен текеге аңчылык кылып атат", - деди ал.

WhatsApp Image 2026-02-17 at 15.50.25.jpeg

Ал белгилегендей, демек бул Талас өрөөнүндө биздин доорго чейинки байыркы замандардан бери турмуш-тиричилик болгонунан кабар берет. "Ошондуктан "Тарых Таластан башталат деп" бекеринен айткан эмес", - дейт Соронкулов.