Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Коом 10 декабрь 2025 11:00
Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 10:00дөн тарта Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолчулар күнү-түнү иштеп, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолдордун абалы "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө турат.