Төө-Ашууда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак 9 декабрь 2025 15:36
Төө-Ашууда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 15:00дөн тарта Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.