Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Токмок шаардык кеңешинин депутаты президент Садыр Жапаровго шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маселелерди чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда депутат акыркы үч жылда Токмок шаары өнүгүп, жолдор, спорт комплекстери, бала бакчалар жана мектептер курулуп жатканын, ошондой эле билим берүү мекемелерине жаңы корпустар кошулуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, шаардын өнүгүшүнө санариптештирүү да чоң салым кошууда.
Ошол эле учурда депутат чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөргө токтолду.
Алсак, шаарга баңгизатты аныктоочу тесттерди алуу жана лаборатория ачып берүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулардын алкоголдук ичимдик ичкенин аныктай алышат, бирок баңгизатты аныктоо мүмкүнчүлүгү жетишсиз.
Мындан тышкары, Чүй айылындагы Султан Ибраимов атындагы №2 мектептин спорт залын оңдоо иштери көп жылдан бери бүтпөй жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, оңдоо иштери 2013-жылы башталган, бирок ушул күнгө чейин аяктаган эмес. Депутат ремонт башталганда биринчи класска барган окуучулар учурда 11-классты аяктап жатканын, бирок спорт залдын оңдолгонун көрө электигин белгиледи.
Ошондой эле ал шаардын аймагындагы айыл чарба багытындагы 90 гектар жер маселесин көтөрдү. Анын айтымында, Токмокто өндүрүш ишканаларын курууга жер жетишсиз. Ошол эле учурда шаарда завод-фабрикаларды курууга кызыкдар инвесторлор бар.
Депутаттын белгилешинче, өнөр жай объектилерин куруу үчүн жер бөлүп берүү маселеси 2008-жылы эле көтөрүлгөн, бирок азыркыга чейин чечилбей келет.
Президент Садыр Жапаров кайрылууларды угуп, айтылган маселелерди белгилеп алганын билдирди.