Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Чоң-Кемин районунун тургуну президент Садыр Жапаровго Долпран кенин иштетүүнү токтотуу өтүнүчү менен кайрылды.
Бул тууралуу ал мамлекет башчысынын Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, кенди иштетүүнүн кесепетинен райондогу 4 миң гектар жайыт жер жараксыз абалга келүүдө.
Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кендин лицензиясы токтотулганын маалымдашты.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров эгер жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы болсо жана мамлекеттин анда үлүшү жок болсо, аны толугу менен жабуу тапшырмасын берди.