Бишкек, 08.11.26/Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Москва районунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондун тургундары мамлекет башчысына коомдук турмуштун ар кандай тармактарына тиешелүү маселелер боюнча кайрылып, ошондой эле мамлекеттик органдардын көңүл буруусун жана көмөк көрсөтүүсүн талап кылган көйгөйлөрдү белгилешти.
Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө жана жер тилкелерине укукту ырастоочу документтерди тариздөө маселелери көтөрүлдү.
Мындан тышкары, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө, мүлктү бөлүштүрүүгө, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүүгө, анын ичинде алимент төлөөгө жана башка маселелерге байланыштуу кайрылышты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана тармактык мекемелерге келип түшкөн бардык кайрылууларды кылдат иликтеп чыгып, алардын объективдүү жана ар тараптуу каралышын камсыздоону тапшырды.