Чүй районунда 202 га түзгөн өнөр жай аймагы пайда болушу мүмкүн

Аймак
Чүй районунда 202 га түзгөн өнөр жай аймагы пайда болушу мүмкүн
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/ Чүй районунун аймагында жалпы аянты 202 га болгон өнөр жай аймагын түзүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 7-ноябрда Чүй районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, инфраструктуранын өнүгүшү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, бул жерде күтүлүп жаткан инвестициянын көлөмү 31 млрд 640 млн сомду түзгөн 21 ишкананы куруу пландалууда. Зарыл инфраструктураны түзүү үчүн 600 млн сом талап кылынат.