Чүй районунда 34,9 чакырым сугат каналдары курулган

Аймак
Чүй районунда 34,9 чакырым сугат каналдары курулган

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 7-ноябрда Чүй районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, аталган убакытта райондо суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында 44,78 км суу түтүк тармактары тартылган. Ирригация тармагында 34,9 км сугат каналдары курулуп, оңдолуп жана тазаланган.