Президент Кара-Балта шаары, Жайыл, Панфилов райондорунун өнүгүүсү менен таанышты

Президент

Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай жана инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле актуалдуу көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.

Кара-Балта шаарында 2021-2026-жылдары жети жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилип, 560 жумуш орду түзүлгөн.

Алардын катарында “Азия Сталь” ЖЧКсынын металлургиялык ишканасы, алтын куймаларын өндүрүүчү цех, “Зилан Эверсун Текстиль” текстиль ишканасы, бут кийим өндүрүүчү цех, ошондой эле “Гуандунь” кыргыз-кытай инвестициялык компаниясы жана башка өндүрүш ишканалары бар.

Бул мезгил аралыгында шаарда 36 социалдык объект, анын ичинде 21 балдар оюн аянтчасы, 5 воркаут аянтчасы, 3 бала бакча жана муниципалдык базар курулган. Мындан тышкары, шаар ичиндеги 16,5 км жолго асфальт төшөлгөн.

Жайыл районунда суу ресурстарын кыйла сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берген заманбап сугаруу ыкмалары, анын ичинде жамгырлатып жана тамчылатып сугаруу ыкмалары активдүү киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө мындай технологиялар колдонулган жерлердин аянты 1 549 га түзөт. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 744,7%га өскөн.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен айыл аймактарына 27 даана атайын техника жана 6 кызматтык автоунаа сатып алынган. Мындан тышкары, 2026-жылы лизинг системасы аркылуу 34 даана айыл чарба техникасы сатылып алынган.

Отчеттук мезгилде райондо 166,56 км жол асфальтталып, 87,7 км ичүүчү суу түтүк тармактары жаңыланган.

Райондун өнөр жай жана ишкердик чөйрөлөрүндө 264 объект бар, анын ичинде бир мал базары, эки ири өнөр жай ишканасы жана 261 чакан жана орто бизнес субъектиси, ошондой эле тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалар бар.

Панфилов районунда тоо-кен тармагындагы ишканаларга тартылган инвестициялардын көлөмү 1 млрд 392 млн сомду түзгөн. Өндүрүш ишканаларында жалпысынан 260 жумуш орду түзүлгөн.

Райондун инфраструктурасын жакшыртуу максатында 68,9 км жол асфальтталып, 44,4 км таза ичүүчү суу түтүк тармактары тартылып, жаңыланган. Ошондой эле 50 даана техника сатып алынган.

2021-2026-жылдары райондо 23 социалдык объект, анын ичинде бир мектеп, эки бала бакча, жети медициналык жана 13 спорттук объект курулган.