Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө айрым айылдардын тургундары ичүүчү суу менен камсыздоонун жоктугу, ички жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылдыгы боюнча маселелерди көтөрүштү.
Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө жана жер тилкелерине укукту ырастоочу документтерди тариздөө маселелери козголду.
Мамлекет башчысы тургундардын бардык кайрылууларын угуп чыгып, социалдык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Президент мамлекет 2028-жылга чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы жана эски мектептер көйгөйүн толугу менен чечүүнү максат кылып койгонун эске салды. Социалдык объектилердин курулушун пландаштырууда биринчи кезекте мектептерди, андан кийин бала бакчаларды курууга көңүл бурулат. Мындан соң пландарда маданият үйлөрүн жана спорт комплекстерин куруу каралган.
Президент белгиленген көйгөйлөрдү чечүү учурдагы муктаждыктарды эске алуу менен баскычтуу жана пландуу түрдө ишке ашырыларын баса белгиледи.