Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2022-жылы батирдин акчасын толук төлөгөнүнө карабастан, ушул күнгө чейин үйүн ала албай жаткан Токмок шаарынын тургунунун маселесин карап чыгууну Курулуш министрлигине тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда шаар тургуну 2022-жылы курулуш компанияларынын биринен батир сатып алганын айтты.
Анын айтымында, батирдин акысын ошол эле жылы толугу менен төлөгөн. Бирок 2024-жылы аны чакырып, УКМК батирин алып жатканын билдиришкен. Ошондон бери ал сатып алган батирине ээ боло элек.
Арызды уккан курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугушуудан кийин өзүнө кайрылып, маселенин чоо-жайын биргеликте карап чыгууну сунуштады.
Президент Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселени чечүүнү тапшырды.