Сузактын Орто-Сай айылында 14,5 млн сомго спорт зал курулду

Аймак 15 октябрь 2026 10:10
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Сузак районунун Орто-Сай айылында жаңы спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Имараттын курулушу мындан 10 жылдай мурун ашар жолу менен башталган. Курулушту аяктоо үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 13 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнгөн.

Жаңы спорт зал заманбап талаптарга ылайык жабдылып, айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна шарт түзөт.