Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кашка-Терек – Катранкы унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун аталган тилкесин асфальттоо 2026-жылга карата титулдук тизмеге киргизилген.
Учурда №22 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тиешелүү иштер аткарылып, жолдун 1 чакырымына асфальт төшөлдү.
Жолдун оңдолушу менен жергиликтүү тургундар үчүн каттам ыңгайлуу болуп, айылдар арасындагы транспорттук байланыш жакшырышы күтүлүүдө.