Сузакта 11 млн сомдук соцобъект мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 05 Декабрь 2025 15:00
suzak 750x421.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Сузак районунда 11 млн сомго бааланган социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Сузак районуна караштуу Жийде айылындагы мурдагы профилакторияга тиешелүү болгон 1 140 чарчы метр жер тилкеси имараты менен бирге мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 11,1 млн сомду түзгөн объект мамлекеттик менчикке кайтарылды.