Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Чаткал районунда инфраструктураны жакшыртуу жана калкка заманбап социалдык шарттарды түзүү багытында масштабдуу курулуш иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 2021–2026-жылдары аймакта жалпы суммасы 963,8 миллион сомго 44 жаңы объект курулуп пайдаланууга берилди. Алардын катарында төмөнкүдөй маанилүү инфраструктуралык имараттар бар:
- 4 мектеп — 453,9 миллион сом;
- 2 бала бакча — 54,6 миллион сом;
- 3 спорт зал — 64,5 миллион сом;
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 4 имараты — 31 миллион сом;
- 3 мини-футбол аянтчасы жана 12 балдар оюн аянтчасы (41,3 млн сом жана 24,1 млн сом);
- 2 көпүрө — 20,8 миллион сом жана башка объектилер.