Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Тоо-кен компаниялары социалдык пакеттерден тышкары өз кирешелеринин 2 пайызын облустун Өнүктүрүү фондуна жана райондук фонддорго которот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша бул каражаттардын көлөмү жылына 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин жетиши мүмкүн. Каражаттар айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалат.
Ошондой эле президент кен казуу аяктагандан кийин жерлерди техникалык жана биологиялык рекультивациядан толук өткөрүп, жаратылышты коргоо зарылдыгын белгиледи.