Жыл аягына чейин дагы 250 соцобъект пайдаланууга берилет – Орунтаев

Коом
Жыл аягына чейин дагы 250 соцобъект пайдаланууга берилет – Орунтаев
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Республика боюнча 500гө жакын объектте курулуш иштери жүрүп, алардын 250дөн кем эмеси жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ЖМК өкүлдөрүнө билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликтин карамагында өлкө боюнча 500гө жакын социалдык объекттин курулушу жүргүзүлүүдө. Аларды курулуш сезону аяктаганга чейин этап-этабы менен бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

“Жылдын аягына чейин жалпысынан 250дөн кем эмес социалдык объектти ишке беребиз. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат, аларды белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди министр.

Ошондой эле Орунтаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, быйыл ири шаарларда социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде мектептердин жетишсиздигин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы чоң шаарларга да өзгөчө көңүл бурулду. Буга чейин маалымдалып келгендей, Бишкек, Манас, Ош шаарларында мектеп маселеси боюнча чоң жумуштар жүргүзүлдү. Тактап айтсак, Бишкек шаарында 20 мектеп, Ош шаарында 10 мектеп жана Манас шаарында 6 мектептин курулуш иштери жүргүзүлдү”,- деди ал.

Министр аталган үч шаарда салынып жаткан бардык жаңы мектептер жыл аягына чейин пайдаланууга берилерин кошумчалады.