Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Чаткал районунун эли менен жолугушууда үч баласы менен үйүнөн ажырап калуу коркунучунда турган аялдын кайрылуусун текшерүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.
Кайрылууда Ак-Коргон айылынын тургуну Нурниса кайниси Рыскул Кудайбердиев "Керемет Банктан" 2 млн 350 миң сом насыя алып, күйөөсү экөө курган үйдү күрөөгө койгонун айткан. Анын билдиришинче, насыя төлөнбөй, соттун чечими менен үйдү сатууга чыгаруу маселеси жаралган.
Аялдын айтымында, ал ошол окуядан кийин күйөөсү менен ажырашып, үч баласын бир жарым жылдан бери өзү тарбиялап келет жана үйүнөн ажырап калуу коркунучунда турат.
Президент ИИМге арызды карап чыгып, алдамчылык белгилери бар-жогун текшерүүнү тапшырды. Эгерде насыя алуучунун төлөөгө мүмкүнчүлүгү болуп, бирок атайылап төлөбөй жатканы аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүү керектигин белгиледи.