Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Акыркы беш жылда Чаткал районунда 129 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров райондун активи жана тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы дагы 46 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер улантылууда.
Мындан тышкары, узундугу 217 чакырымды түзгөн Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолун оңдоо иштери жүрүп жатат.
“Учурда анын 90 чакырымына асфальт төшөлдү. Жолду оңдоо иштерин жакынкы эки-үч жылда толук аяктоо пландалууда”, - деди президент.