Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортуна баруучу Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун 14,5 чакырым бөлүгүндө курулуш иштери жүрүүдө.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жер жумуштарынын 62 пайызы аткарылды.
"Жолго суу өткөрүүчү түтүктөр жана тирөөч дубалдар орнотулду. Ошондой эле 700 метр аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Курулуш иштерине 100дөн ашык атайын техника жана 130 жумушчу тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Долбоор ишке ашса, "Ала-Тоо Резортко" жана Жыргалаң өрөөнүнө жетүү жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат.