Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаевдин маалыматына караганда, учурда жолдун 6 чакырымына асфальттын эки катмары толук төшөлдү.
"Азыркы тапта жол белгилерин орнотуу, чийиндерди түшүрүү жана кыймыл коопсуздугун камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди министр.
Белгилей кетсек, аталган жолду реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталган. Курулуш жана оңдоо иштери Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.