Таш-Рабатка барчу жолдун 5 чакырымы асфальтталды

Аймак 30 сентябрь 2026 09:58
Таш-Рабатка барчу жолдун 5 чакырымы асфальтталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда Таш-Рабат автожолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жалпы узундугу 15 чакырым болгон жолдун калган 10 чакырымына асфальт төшөө иштерин 2027-жылы улантуу пландалууда.

Жолду жаңылоо айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.