Баткен шаарындагы негизги көчөлөр төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Аймак
1.jpg
886726416_1669950654498383_2217312025134160159_n.jpg
886726518_1669950634498385_2923353306699373787_n.jpg
886764294_1669950724498376_5914786594048468238_n.jpg
886764446_1669950601165055_1426766442502612139_n.jpg
888319290_1669950624498386_5232142662415069259_n.jpg
888580486_1669950594498389_1744929201014800271_n.jpg
888595801_1669950544498394_7774677339277262778_n.jpg
889740916_1669950547831727_89980856011774750_n.jpg
890652470_1669950754498373_7983505506210050934_n.jpg
890939489_1636119681300847_6229062054397735151_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы негизги көчөлөрдүн айрым тилкелери төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жол куруу иштерине республикалык бюджеттен 100 млн сом каралган.

"Мурат Салихов жана Сайдиман ажы көчөлөрүнүн бир чакырым жолуна эки катмар асфальт төшөлүп, жол чырактары жаңыланат жана бордюрлар орнотулат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, шаарда курулуп жаткан 10 миң орундуу футбол стадионуна баруучу жолду да төрт тилкелүү кылып кеңейтүү жана асфальттоо иштери жүрүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев таанышты. Ал тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине иштерди тездетип, жолдорду сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Жолдорду оңдоо жана кеңейтүү иштерин №7 Баткен облустук жол башкармалыгы жүргүзүүдө.