"Манас" университетинин жанындагы Миңжылкыев көчөсү ачылды

Коом
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-31 at 14.30.43.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 31.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрдан тартып Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү унаалардын кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, Тыналиев көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейинки узундугу 1,4 чакырымды түзгөн жол асфальтталып, тротуар курулду.

Жашылдандыруу иштеринин алкагында жол боюнда 84 түп клен дарагы отургузулду. Ошондой эле жаңы тигилген бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугаруу жана аларга талаптагыдай кам көрүү максатында автоматташтырылган сугат системасы орнотулду.

Мэр Айбек Жунушалиев көчөнү жеринен текшерип, бак-дарак отургузуу иш-чарасына да катышты.

"Президенттин тапшырмасы бар, бак-дарактарды сугат системасы бар жерлерге гана отургузуу керек. Бишкек шаарында мындан ары автоматташтырылган сугат системасы орнотулбаган же сугаруу мүмкүнчүлүгү такыр жок жерлерге бак-дарактар отургузулбайт", — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Көчөнү текшерүү учурунда шаар башчысы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин алдында алынган бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, жаңы отургузулган бак-дарактарга талаптагыдай кам көрүү, жол боюндагы тосмолорду орнотуу иштерин аяктоо, ошондой эле эки жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүнүн курулушун жана айланасын көрктөндүрүү иштерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүп, пайдаланууга берүү белгиленди.

Мындан тышкары, жол кыймылынын ылдамдык режимин сактоо жана жөө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолго жасалма дөңчөлөрдү орнотуу тапшырмасы берилди.