Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Сузак районунда токтоп калган алты бала бакчанын курулушу кайра жанданып, учурда алардын даярдыгы 75-90 пайызга жетти. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев социалдык тармакка жазды.
Анын маалыматына ылайык, бала бакчалар Комсомол, Таштак, Төбөй, Боз-Чычкан, Жаңы-Жер, Кыргыз-Абад айылдарында жайгашкан.
"Курулуш иштери алгач демөөрчүлөр тарабынан башталып, ар кандай себептерден улам токтоп калган. Ал учурда объектилердин даярдыгы 40-55 пайызды түзгөн. Кийин курулуштарды мамлекет улантып, Курулуш министрлиги тарабынан жаңы подряддык уюмдар тандалган", - деди ал.
Ошондой эле районго болгон иш сапардын алкагында Текебаев Октябрь айылындагы №9 мектебинин кошумча корпусунун курулушу менен таанышкан.
Объектилердин курулуш иштеринин сапатына көңүл бурулуп, аныкталган кемчиликтерди жоюу, иштерди талапка ылайык жүргүзүү жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Өкүл белгилегендей, алты бала бакчаны жана мектептин кошумча корпусун жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.