Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Түп районундагы Ысык-Көл айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоорго 85 млн сом жумшалууда.
Эки кабаттуу имаратта балдардын уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин бөлмөсү жана сабак өтүүчү жайлар каралган. Учурда имаратты тазалоо, эмеректерди орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.