Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү 54 пайызга жетти. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80 пайызга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Самарканд шаарында өтүп жаткан "Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол" аттуу дүйнөлүк саммиттин алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева эрте курактагы балдарды өнүктүрүүгө жана сапаттуу инклюзивдүү билим берүүгө инвестиция салуу маселелерине арналган пленардык жыйындагы баяндамасында билдирди.
Министр белгилегендей, балдарды эрте жашынан колдоо Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ошондой эле ал "Алтын Казык" программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелерин тааныштырып, 70 миңден ашуун педагог квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөнүн айтты.
"Бала системага ылайыкташууга тийиш эмес, тескерисинче, система ар бир бала үчүн шарттарды түзүшү керек. Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу менен биз өлкөнүн жана келечек муундардын келечегине инвестиция салып жатабыз", — деп белгиледи Догдуркүл Кендирбаева.