Жайкы сезондун башталышы менен Кыргызстанда жыл сайын сууга чөгүүнүн кесепетинен адамдардын өмүрү кыйылган учурлар катталат. Акыркы убактагы эле эки окуяны буга мисал катары келтирсе болот. Алсак, 23-июнда Чүй районунун Кегети капчыгайында жеңил унаа сууга кулап, ичиндеги эки кичинекей бала сууга агызып кеткен. Ошондой эле 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Нарын дарыясына бала кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 2026-жылдын башынан бери республика боюнча сууга чөгүп каза болгондордун жалпы саны 41 адамды түздү. Анын ичинен 21и – эркектер, 5и – аялдар, 13ү – балдар, ал эми экөө – өспүрүмдөр.
Аймактар боюнча көрсөткүч:
- Чүй облусунда – 8 учур;
- Талас облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 7;
- Ош облусунда – 9;
- Ош шаарында – 3;
- Бишкек шаарында – 11 учур катталган.
Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылдын 6 айында сууга чөгүп 33 адам каза болгон.
ӨКМдин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башкы адиси Адилбек Чаргынов "Кабар" агенттигине сууда кырсыктардын келип чыгышынын негизги себептерин жана жабыркаган адамга биринчи жардамды кантип туура көрсөтүү керектигин айтып берди.

"Суудагы кырсыктардын негизги себеби – коопсуздук эрежелерин бузуу, даярдыктын жоктугу, билбестик, байкабастык, кыскасы, адамдык фактор менен байланыштуу. "Сууга секирүүгө тыюу салынат" деген тактайча илинип турган жерден деле адамдар баары бир секиришет. Сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге барып сууга түшүшөт. Бул жылы жол-транспорт кырсыктарына байланыштуу учурлар да абдан көп болду. Унаалар сууга кулап, адамдар чөгүп кетишти. Быйыл сууга чөккөндөрдүн саны дал ушундай окуялардан улам өстү", – деди ал.
Ошондой эле бийиктиктен сууга секирүү өзгөчө коркунуч туудурат. Саламаттык сактоо министрлиги бийиктиктен сууга секиргенде адам түбүнө башы менен урунуп алуу коркунучу бар экенин эскертет.
"Эгер сиз сууга башыңыз менен секирсеңиз, дененин бүткүл салмагы омуртканын моюн бөлүгүнө түшөт. Ал мындай оордукту көтөрө албай, сынып кетет. Мындай жаракаттын кесепеттери өтө оор, атүгүл өлүмгө алып келет", – деп баса белгилешти ведомстводон.
Пирстен секиргенде да сууга туура эмес – мисалы, аркасы же ичи менен түшүп калуу коркунучу жогору экени белгиленет. Бул ички органдардын жана таяныч-кыймыл аппаратынын олуттуу жаракат алышына себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары, эгер суу муздак болсо, бийиктиктен күтүүсүз секирүү шок абалын жаратып же сууга чөгүүгө алып келиши ыктымал.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан алыс болуу үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:
- Сууга туура кирүү керек: Көрүнө турган ар кандай суу сактагычка, өзгөчө муздак сууга жээктен баштап, акырындык менен кирүү зарыл. Бул организмдин суунун температурасына көнүшүнө шарт түзөт.
- Бейтааныш жана тайыз жерлерде сууга секирүүгө болбойт: Адам башы менен суу түбүнө, суу астында көрүнбөй катылып жаткан таштарга, дүмүрлөргө же башка нерселерге урунуп алуу коркунучу бар.
- Тосмолордон секирүүгө болбойт: Пирстеги тосмолор жана кармагычтар сууга секирүү үчүн каралган эмес, алар бекем бекитилбей калышы мүмкүн. Алардын урап кетиши сиз үчүн гана эмес, айланадагылар үчүн да кооптуу.
- Ден соолуктун абалын эске алуу маанилүү: Эгерде сизде медициналык каршы көрсөтмөлөр бар болсо (мурда омурткаңыздан жаракат алган болсоңуз, омуртка аралык грыжа жана башка), сууга секирүүдөн таптакыр баш тартыңыз.
- Ичимдикке жол жок! Эч качан мас абалында сууга секирбеңиз жана сууга түшпөңүз. Алкоголь кыймылдын координациясын бузат жана коркунучту сезүү сезимин мокотот. Мындан тышкары, температуранын кескин өзгөрүшүнөн улам кан тамырлардын тарылышы пайда болуп, ал эстен танууга, инфарктка же инсультка алып келиши мүмкүн.
Адилбек Чаргынов ошондой эле адам чөгө баштаганда аткарыла турган иш-аракеттердин тартибин эске салды. Ал эгер бала чөгө баштаса, ага суудан чыгууга жардам берип, дароо биринчи жардам көрсөтүү керектигин белгиледи.
"Биринчи кезекте бул – жүрөк-өпкө реанимациясы жана жасалма дем алдыруу. Дем алуу жолдорун суудан тазалоо зарыл. Ал үчүн жабырлануучуну көмкөрөсүнөн оодарып, ичи менен тизеге жаткырып, суу агып чыгышы үчүн аркасына кагуу керек. Адам кайрадан дем ала башташы үчүн ушундай аракеттерди жасоо зарыл", – деп баса белгиледи ал.

Кыргызстандагы сууга чөгүү кырсыктары – бул коопсуздук эрежелерин тоготпогондуктун түздөн-түз кесепети. Жыл сайын куткаруучулар бир эле каталарды катташат: уруксат берилбеген жерлерде сууга секирүү, тыюу салынган аймактарда сууга түшүү жана кароосуз калган балдардын өлүмү. Суу каталарды кечирбейт, суу жээгиндеги эс алуу кайгы эмес, кубаныч алып келиши керек. Ал үчүн жөнөкөй коопсуздук чараларын сактоо зарыл.