Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. “Мадина“ базарындагы өрт саат 14:23тө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы тапта жалынды толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсү кабарлагандай, өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрден ашат. Кырсыктын кесепетинен 2 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жеңил жаракат алып, алардын абалы учурда туруктуу деп бааланууда.
Окуя боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.