Австралияда токойдо чыккан өрт үч миң гектар жерди каптады

Дүйнө
Австралияда токойдо чыккан өрт үч миң гектар жерди каптады

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Австралиянын Флиндерс аралындагы өрт көзөмөлдөн чыгып, адамдардын өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч келтиргендиктен шашылыш эскертүү жарыяланды. Anadolu агенттиги Тасманиянын өрт өчүрүү кызматына шилтеме менен өрт түштүк-батышка жайылып баратканын билдирүүдө.

Айрым тургундар эвакуацияланып, калгандары үчүн баш калкалоочу жайлар даярдалды. Эскертүү Киллиекранки, Лика жана Маунт Таннер калктуу пункттарына тиешелүү.

"Аймактан чыгып кетүүгө кеч болуп калды. Өрт эвакуация жолдоруна коркунуч келтирип жатат жана азыр чыгып кетүүгө аракет кылуу өмүрүңүзгө коркунуч келтириши мүмкүн. Өрт сизге жеткенге чейин баш калкалаңыз", - деп айтылат өрт өчүрүү кызматы эскертүүсүндө.

Тургундарга эшик, терезелерди жаап, кондиционерлерди өчүрүп, чыгууга оңой имараттардан баш калкалоо сунушталды. Ал эми кооптуу аймактан чыгып кеткендер азырынча кайтпай турушу керек.

Жаратылыш коругундагы өрт чагылгандан чыккан. 24-ноябрга карата тилсиз жоо болжол менен үч миң гектарды каптаган.

Флиндерс аралы Австралия материги менен Тасманиянын ортосундагы Басс кысыгында жайгашкан.