Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жайгашкан ”Мадина” базарында чыккан өрт саат 21:02де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт кырсыгы катталган аймакта коопсуздукту камсыздоо жана кырдаалга ыкчам көзөмөл жүргүзүү максатында нөөмөт уюштурулду.
Жеринде ӨКМдин Октябрь жана Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 2 күжүрмөн эсеп калтырылды.