Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Нарын облусунда бүгүн саат 11:54тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Бейит айылынан 11 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 40 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Ак-Бейит жана Орто-Сырт айылдарында 2 балл сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.