Бишкек, 26.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кабыл алынган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып тармак кызматкерлери жогорулатылган эмгек акы алышат. Бул чара кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
Токтомду ишке ашыруунун алкагында бардык зарыл финансылык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлдү. Документке ылайык, кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулатуу каралган, ошондой эле кошумча 15 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү белгиленген. Мындан тышкары, 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралган.
Белгилей кетсек, спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлүүдө.
Кабыл алынган чечим дене тарбия жана спорт тармагын колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле тармак кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын ырааттуу уландысы болуп саналат.