Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында көлгө куйган дарыяларга 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чара 25-26-сентябрда Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы балык өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Ага экологдор, ветеринарлар, илимий адистер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Чабактар Караталаа, Тоң жана Тосор айылдарындагы участокторго жана дагы бир аймакка 200 миңден бөлүнүп коё берилди.
Иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоого, көбөйтүүгө жана көлдүн экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн колдоого багытталган.