Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын энергетиктеринин командасы Анкара шаарында өткөн кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык сынакта "Эң мыкты координацияланган бригада" номинациясына ээ болду.
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтан билдиришкендей, сынак 21-25-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн бөлүштүрүүчү электр тармактарында иштеген адистеринин арасында өттү. Ага Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышты.
Негизги практикалык тапшырма тирөөчтөгү бузулган күч трансформаторун алмаштыруу болду. Катышуучулар төмөнкү жана орто чыңалуудагы операцияларды аткарып, жердетүү орнотуп, сактагычтарды алмаштыруу жана коопсуз иштөө боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Кыргызстандын командасынын курамында Чүй, Ош, Ысык-Көл, Бишкек жана Талас электр тармактарынын адистери катышты.