Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кырчын этношаарчасына барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын электр энергиясы менен камсыз кылган инфраструктуранын абалын текшерди.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө министр электр менен камсыздоо системаларынын, көмөк чордондордун, электр берүү чубалгыларынын жана резервдик булактардын ишин карап чыгып, объекттеги 24 сааттык нөөмөттүн уюштурулушу менен таанышты.
“Оюндар учурунда энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Бишкек шаары менен Чүй облусундагы объекттерде 250дөн ашык адис күнү-түнү нөөмөттө турса, Чүй, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарынан дагы 300дөн ашуун энергетик тартылган.
- Электр энергиясы Кырчын этношаарчасында, ат майданда жана Ысык-Көл облусундагы Көчмөндөр оюндарынын башка негизги аянтчаларында үзгүлтүксүз берилүүдө”,–деп айтылат маалыматта.