Энергетика министрлиги өзүнүн логотибин иштеп чыкты

Коом 6 октябрь 2026 17:10
Энергетика министрлиги өзүнүн логотибин иштеп чыкты
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Энергетика министрлиги ведомствонун логотибин жана бирдиктүү фирмалык стилин иштеп чыкты. Бул тууралуу министрлик билдирет.

Маалымдалгандай, буга чейин Энергетика министрлигинин өзүнчө визуалдык стили болгон эмес жана маалыматтык материалдарды даярдоодо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби колдонулуп келген.

Жаңы логотип Энергетика министрлигинин адистери тарабынан үч тилде - кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштелип чыкты.

Логотиптин негизин Кыргызстандын энергетикасын жана жаратылыш потенциалын чагылдырган негизги символдор - тоолор, гидроэлектр станциясы, электр берүү линиялары жана улуттук оймо-чиймелер түзөт. Алар өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын, энергетикалык инфраструктуранын өнүгүшүн, энергетика тармагынын стратегиялык маанисин, ошондой эле улуттук маданият жана салттар менен болгон байланышын чагылдырат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик органдарда өздөрүнүн логотиптери жана бирдиктүү визуалдык стандарттары колдонулат. Энергетика министрлигинде фирмалык стилдин киргизилиши визуалдык коммуникацияны системалуу түрдө уюштурууга, маалыматтык материалдардын бирдиктүү форматта даярдалышын камсыз кылууга жана министрликтин расмий маалыматтык ресурстарынын таанымалдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Иштелип чыккан фирмалык стиль министрликтин расмий платформаларында, маалыматтык материалдарда, презентацияларда, социалдык тармактардагы жарыяларда жана башка коммуникациялык материалдарда колдонулат.

Логотипти жана фирмалык стилдин материалдарын Энергетика министрлигинин расмий баракчасындагы "Министрлик жөнүндө" бөлүмүнөн жүктөп алууга болот.