Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анда кыргыз-француз энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында энергетика секторундагы кыргыз-француз кызматташтыгынын келечектүү багыттарын мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана өз ара кызматташууну улантууга даярдык ырасталды.