Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. "Бишкек Аренанын" ачылышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, объектти ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында энергетиктер тарабынан алдын ала бир катар техникалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
"Электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого даярдык көрүү жана аны камсыз кылуу иштери энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 5-октябрда Бишкек шаарында президенттин катышуусунда жаңы спорттук-маданий объект – "Бишкек Арена" комплексинин расмий ачылышы болуп өттү. Масштабдуу иш-чарага 65 миңге жакын көрүүчү катышты.